Ысык-Көл облусунда Чолпон-Ата шаарынын айланасында төрт тилкелүү жол курулуп жатат. Учурда долбоордун маанилүү баскычтарынын бири – асфальт төшөө иштери башталды.

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматы боюнча, долбоор мамлекеттин бюджетинен жана Президенттин катышуусу менен каржыланууда. Бул айланма жол региондун транспорттук тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Асфальт төшөө менен бирге жер казуу иштери, көпүрөлөрдү, сууларды өткөрүүчү курулуштарды жана тосмолорду жасоо, инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштеринен да калышпастан көрүлүүдө.

Жолдун негизги көрсөткүчтөрү

15,64 кмжалпы узундук
417жумушчу