Министрликтин орун басары Октябрь Урмамбетов менен Кытай Элчилигинин башчысы Лю Цзянпин Кыргызстанда жүргөн кытай жарандарынын укуктарын сактоого багытталган профилактикалык иштерди күчөтүү тууралуу макулдашты.
Жолугушууда кыргыз мыйзамдарын сакталышы, ошондой эле жергиликтүү салттарга жана маданиятка урматтоо көрсөтүү зарылдыгы баса белгиленди.
Ички иштер министрлиги менен Кытай элчилиги укук бузууларды алдын алуу боюнча биргелешкен түшүндүрүү жана маалымдоо иш-чараларын уюштурууну макулдашышты.
Тараптар коомдук коопсуздук тармагында жана укук бузуу фактын алдын алууда кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.











