Чолпон-Атадагы ипподромду капиталдык оңдоо иштерине болжол менен 500 миллион сом сарпталган. Реконструкция иштери 25-августка чейин бүткөрүлүп, ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына тушташ келет.
Объектте трибуналар, кире бериш топ, унаа токтотуучу жай жана административдик имараттар толугу менен жаңыланган. Ошондой эле, инженердик тармактар да алмаштырылып, ипподромдун бардык инфраструктурасы жакшыртылган.
Жаңылоо иштеринин натыйжасында ипподром азыркы дүйнөлүк стандарттарга жооп берет жана 10 миң көрүүчүнү батыра алат. Мына ушул жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий жабылуу аземи жана чоң майрамдык концерт өткөрүлөт.



