Чүй облустук ички иштер башкармалыгында Патрульдук-посттук кызматынын кызматкери тарабынан кескин жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду.
Бул иш боюнча тергөө иштери ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда окуянын бардык жагдайлары жана бул окуяга тиешеси бар адамдар аныкталууда.
Тергөө аяктаган соң мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде тиешелүү процесстик чечим кабыл алынат.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлер арасындагы мыйзам бузуу жана кызматтык дисциплинага каршы фактыларга принципиалдуу мамиле кылат.
Кызматкердин кызмат орду, даражасы жана мурунку жетишкендиктерине карабастан, күнөөлүүлүк аныкталса, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катаал чара көрүлөт.









