Чүй облусундагы айланып өтүү жолунун аймагында жол кырсыгы катталды. Кырсык кечээ, 14-августта болду.
Кырсыктан кийин тартылган видео кадрларында бир жаран жолдун үстүндө жатканын көрүүгө болот.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, жол кырсыгында кеминде бир адам жабыркаганы маалым болду.
Учурда жабыркагандын абалы жана кырсыктын так себептери тиешелүү кызматтар тарабынан иликтенүүдө.









