Эсептик ченди белгилөө маселеси 26-ноябрда парламенттин жыйынында талкуулоонун предметине айланды. VIII чакырылган депутат Умбеталы Кыдыралиев Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул параметрди аныктоо үчүн так кайсы көрсөткүчтөрдү колдонот деп кызыкты.
Жөнгө салуунун максаттары жана механизмдери
Суроого жооп катары КР УБ өкүлдөрү эсептик чен дүйнө жүзү боюнча борбордук банктар колдонуп жаткан акча-кредиттик саясаттын негизги куралы экенин түшүндүрүштү. Жөнгө салуучунун негизги милдети — баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана инфляцияны көзөмөлдөө.
Жөнөкөй тил менен айтканда, эсептик чен — бул Кыргызстандын экономикасындагы акчанын наркы
Улуттук банкта билдирилгендей, ставканы жогорулатуу инфляциялык процесстерди чектөөгө жана улуттук валютага болгон суроо-талапты стимулдаштырууга багытталган. Стаканы корректировкалоо жөнүндө чечимдер инфляциянын учурдагы деңгээлине таянып кабыл алынат.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк депутатты ставканы жогорулатуу же төмөндөтүү багытында өзгөртүүнүн себептери кенен баяндалган жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөнү берүүгө даяр экенин билдирди.








