18–19-ноябрда Бишкекте санариптик экономиканы, жасалма интеллектти, финансылык технологияларды, блокчейн жана Web3 багыттарын өнүктүрүү боюнча форум өтүүдө. Иш-чара эки күндөн турат жана 19-ноябрда аякташы пландалууда.
Катышуучулардын тизмеси
Форумга мамлекеттик кызматкерлер, эл аралык компаниялардын өкүлдөрү жана тармактын эксперттери катышып жатышат. Алардын арасында төмөнкү жетекчилер бар:
- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков
- Президенттеги Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин башчысы Фархат Иминов
- Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров
- Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рынгын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кайрат Маматов
- Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясынын (АУРВА) төрагасы Темир Казыбай
- АУРВАнын эксперттик кеңешинин төрагасы Асылбек Айтматов
- Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фондунун» директору Эмилбек Орозбаев
- Татарстан Республикасынын Илимдер академиясынын президенти Рифкат Минниханов
- «Кибер Инновациялар» санариптик технологиялар жана инновациялар ассоциациясынын байкоочу кеңешинин төрагасы Василий Кулеш
- Binance компаниясынын Түштүк Кавказ жана Түштүк Азия өлкөлөрү боюнча маркетинг боюнча менеджери Улукбек Висид уулу
- Совкомбанктын комплаенс бөлүмүнүн жетекчиси Марина Бурдонова
Криптоиндустриянын өнүгүүсү
Иш-чара учурунда Кыргызстандагы виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча маалыматтар берилди. Өлкөдө санариптик хабди өнүктүрүү пландалууда.
Негизги көрсөткүчтөр












