Кыргызстанда дизель күйүүчү майдын литринин баасы өткөн жылга салыштырмалуу 70-75 сомдон 95 сомго чейин көтөрүлдү. Бул маалыматты «Биринчи радио» аркылуу «Кыргызкомур» ачык акционердик коомунун башкы директору Рустамбек Садыралиев билдирди.
Башкы директордун айтымында, көмүр казган ишканалардын чыгымдарынын 50%дан көбү күйүүчү-майлоочу материалдарга туура келет. Азыркы учурда Россиядан келе жаткан күйүүчү майдын баасы жогорулады.
Мындан тышкары, көмүрдүн акыркы баасын транспорттоо, сактоо базаларында турганга чыгымдар, жерди ижарага алуу, кызматкерлердин маянасы жана коммуналдык төлөмдөр сыяктуу факторлор да түзөт.
Көмүрдүн баалары

















