Мамлекеттик бажы кызматында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун камсыз кылуу максатында биринчи орун басар Улан Кимсанов менен "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКнын башкы директору Гун Хунъюндун жолугушуусу болду.
Жолугушууда курулуш үчүн керектелүүчү товарларды өткөрүүдө бажы башкаруусун жакшыртуу жана бажы процедураларын оптималдаштыруу маселелери талкууланды.
Бажы кызматкерлери товарларды каттоо тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, бажы операцияларын ыкчам жүргүзүү үчүн аймактык бажы органдарынын жооптуу кызматкерлерин белгилөө жөнүндө макулдашты.
Ошондой эле, "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсынын кызматкерлеринин «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттери аркылуу лицензияланган транспорттук компаниялардын катышуусунда борборлоштурулган трансферин уюштуруу зарылдыгы белгиленди.
Бул чаралар уруксатсыз жүргүнчүлөрдү ташуучу кызматтардын колдонулушунан качканга, тобокелдиктерди азайтууга жана ЕАЭБ бажы чегинен өтүүдө жеке коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
Жыйынтыгында, товарлардын үзгүлтүксүз айлануусун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында кызматташууга даяр экени тастыкталды.













