Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кара-Балта, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуусу учурунда калк тарабынан көтөрүлгөн маселелерге байланыштуу «Джунда» ЖЧКсынын жетекчилиги расмий түшүндүрмөлөрдү даярдады.

Модернизация жана экологиялык коопсуздук

Компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири катары экологиялык коопсуздук белгиленди. Ишкана өндүрүштүн курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу максатында модернизациялоо долбоорунун аяктоо этабында турат. Иштер аяктагандан кийин атмосферага чыгарылыштардын көлөмүнүн кыскарышы күтүлүүдө.

Мунай продуктуларын сактоо жана ташуу цехине мунай бууларын кармап калуу жана рекуперациялоочу жаңы түзүлүш орнотулду. Бул жабдык мунай продуктуларынын бууларын кайрадан өндүрүш процессине кайтарууга мүмкүндүк берип, алардын абага аралашып кетишин минималдаштырат.

Бюджетке каржылык которуулар

Компания ошондой эле мамлекеттик жана жергис бюджеттерге багытталган экологиялык төлөмдөрдүн жана салыктык которуулардын олуттуу көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды берди.

Экологиялык жана салыктык төлөмдөр

33 445 790сом — акыркы үч жылдагы экологиялык төлөмдөр
6 105 842сом — 2026-жылдын I кварталы үчүн экологиялык төлөмдөр
68 699 230сом — Кара-Балта суу каналдарына саркынды сууларды чыгаруу үчүн төлөмдөр…
80 000 000сом — Ак-Башат айыл өкмөтүнүн бюджетине салыктар (2023–2026-жж.)
Биз тургундардын пикирин сыйлайбыз жана калк менен ачык диалогду, экологиялык коопсуздукту жана кызматкерлерге кам көрүүнү өз ишмердүүлүгүбүздүн маанилүү багыттары деп эсептейбиз
«Джунда» ЖЧКсында