Кыргызстанда соода түйүндөрүндө эт, биринчи сорттук ун, жумуртка жана күрүч сыяктуу социалдык маанилүү азыктарды евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) жана жакынкы аймактардагы өлкөлөр менен салыштырганда эң арзан баада сатып алууга болот.

Мындай жыйынтык монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын баалардын кыймылын мониторингдөө жана өлкөлөрдүн бааларын салыштыруу натыйжасында чыгарылды.

Аталган мекеме белгилегендей, Кыргызстандын базарларында эт, биринчи сорттук ун, жумуртка, күрүч жана макарон азыктары социалдык маанилүү товарлардын арасында эң төмөн баага ээ.