Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, базарлар менен супермаркеттерде социалдык маанидеги товарлардын бааларында олуттуу айырмачылыктар катталган эмес. Бул тууралуу ведомствонун Анализ, отчеттуулук жана ЕАЭБ менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Оксана Горянова радио эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бааларга мониторинг соода түйүндөрүндө гана эмес, эл арасында көп суроо-талапка ээ болгон базарларда жана дүкөндөрдө да жүргүзүлөт.
Горянова дүң базарларда баалар төмөн болорун, бирок ал жерде товарлар көп өлчөмдө сатыларын белгиледи. Ошол эле учурда, көп нерсе сатып алуучулардын каалоолорунан көз каранды.
Министрликтин өкүлүнүн айтымында, бир нече жылдан бери мөөнөтсүз келишим колдонулуп келет, анын алкагында соода түйүндөрүндө жана башка биллинг системасы бар соода жайларында кант дүң баага 2 сом соода үстөгү менен сатылат. Базарда кант өндүрүүчүгө жана сатып алуу көлөмүнө жараша килограммы 70 сомдон 85 сомго чейин турат.




