Кыргызстанда пияз менен сабиздин баасынын жогорулашы сезондук факторлорго байланыштуу экенин, ошол эле учурда социалдык маанидеги товарлардын негизсиз кымбатташы байкалбаганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ЕЭК менен өз ара аракеттенүү, отчеттуулук жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Оксана Горянова радио эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кызмат күн сайын 16 социалдык маанидеги товардын баасына мониторинг жүргүзөт. Бул тизмеге азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар да кирет.
Горянованын айтымында, учурда пияз менен сабиздин баасы бир аз жогорулаганы байкалууда, бирок бул сезондук себептерге байланыштуу. Жакынкы коңшулардан жаш пияз жана жаш сабизди жеткирүүдө бир аз кечигүүлөр болгон, ошондуктан түшүм болжол менен эки жумага кармалган. Бирок баалар кескин жогорулаган жок.
Кызматтын маалыматына ылайык, жеткирүүлөр уланууда, бул товарлардын рынокто физикалык жеткиликтүүлүгү жетиштүү, жакынкы убакта өзүбүздүн түшүмдүн келиши күтүлүүдө.
Учурдагы орточо баалар


