Документтин мазмуну боюнча, бул өзгөрчөлүк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414, 457 жана 461-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» № 575 токтомуна өзгөртүү киргизүүгө багытталган.
Өзгөртүү эмнени камтыйт?
Долбоор боюнча, учурдагы токтомунун II тиркемесине 18-пункт кошулуп, «Ордо Курулуш Компани» МЖЧКга таандык «Ала-Тоо» соода-рынок комплекси киргизилет.
Ишке ашыруунун негизи
Маалыматтарга караганда, бул долбоордун иштелип чыгуусу «Ордо Курулуш Компани» МЖЧКнын 2026-жылдын 13-окт обтуру менен Мамлекеттик салык кызматына кайрылуусуна негизделген. Ал кайрылууда «Ала-Тоо» соода-рынок комплексин тиешелүү тизмеге киргизүүнү суранган.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, киргизилүүчү өзгөрүүлөр «Ала-Тоо» комплексинин аймагында иштеген ишкерлерге атайын мүмкүнчүлүктөр берүүгө багытталган.

















