Кыргызстанда Wildberries жана Ozon сыяктуу ири маркетплейстер аркылуу иш алып барган ишкерлерге салык каникулу киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Улуттук салык кызматы тигүү тармагындагы ишканалар менен маркетплейстер аркылуу товар саткан ишкерлердин бирдиктүү салык төлөмдөрүн 2026-жылдын аягына чейин убактылуу токтотууну сунуш кылууда.

Бул чечим эл аралык маркетплейстин логистикалык борборлорундагы үзгүлтүктөрдөн улам жабыркаган кыргыз сатуучуларын колдоо максатында каралууда.

Азыркы учурда маркетплейстер аркылуу иштеген ишкерлердин саны болжол менен 30 миңге жакын.

Салык каникулу иш орундарын сактоого жана электрондук сооданы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Учурда бул демилгени ишке ашыруу боюнча акыркы чечим кабыл алынган эмес.