Улуттук банктын каржылык сабаттуулук боюнча топтун жетекчиси Кубаныч Мусуралиевдин айтымында, сому туруктуу болсо, улуттук валютанын депозиттери доллардык салымдарга караганда пайдалуураак болуп келет.
2024-жылдын башынан бери сомдун долларга карата курсу болжол менен 87,45 сомдун тегерегинде туруктуу сакталып келет. Бул өз кезегинде улуттук валютанын салымдарына оң таасирин тийгизүүдө.
Мусуралиев белгилегендей, көпчүлүк жарандардын кирешеси жана чыгашалары сом менен жүргүзүлөт, бул депозиттердин пайыздык чендерине да таасир берүүдө.
Пайыздык чендер
Доллардагы депозиттердин жылдык пайдасы 1ден 4 пайызга чейин болсо, сомдогу пайыздык чендер 14дөн 16га чейин деп эсептелет. Ошондуктан турактуу курс шарттарында сомдо акча каражаттарын салуу көбүрөөк киреше алып келет.
Эске салсак, Мусуралиев акчаларды бир активде топтоонун ордуна, депозиттер, валюта, алтын жана башка түрдүү активдер арасында бөлүштүрүүнү сунуштады.



