Улуттук банктын каржылык сабаттуулук тобунун башчысы Кубаныч Мусуралиев билдиргендей, дүйнөлүк экономикалык туруктуулуктун начарлоосу шартында алтын дагы эле коргоочу актив катары маанилүү ролду сактап, инвесторлор менен борбордук банктар арасында жогору суроо-талапта турат.

Мусуралиев алтын азыр көптөгөн мамлекеттердин жана борбордук банктардын резервдеринде сакталууда деп кошумчалады.

Алтынга кошумча, коргоочу активдер катары кыймылсыз мүлк жана жер участкалары да каралууда. Мусуралиевдин айтымында, кыймылсыз мүлктүн жана жердин баалары өсүүдө, ал эми чыныгы жана чектелген көлөмдөгү активдер ар дайым коопсуз бойдон калат.

Ошондой эле, кризистик учурларда жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр пайда болорун белгиледи. Айрыкча жасалма интеллект жана башка жаңы технологиялар тармагында иш алып барган компаниялар өсүүдө, алардын акциялары IPO өткөргөндөн кийин баасы көтөрүлүшү мүмкүн.