Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги мал жана жаныбарлардын азык-түлүк продукциясын экспорттоодо ветеринардык сертификаттарды берүү иштери эми «Тулпар» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Өндүрүүчүлөр экспорттоо үчүн сертификат алууну баштоо үчүн «Тулпар» системасына электрондук түрдө арыз тапшырышат. Андан соң ветеринардык адис продукцияны ветеринардык жана санитардык талаптарга ылайыкташтыруу боюнча кылдат текшерүүнү жүргүзөт.

Текшерүү учурунда өндүрүш күнү, жарактуулук мөөнөтү жана кошумча документтердин маалыматтары «Тулпар» системасына киргизилет. Сертификат берүү үчүн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары оң жыйынтыкта болушу шарт.

«Тулпар» системасы аркылуу сертификат берүү процесси толук автоматташтырылып, муну менен ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр цифрланат. Натыйжада, экспорттук продукцияны документтештирүү убактысы кыскартылып, процесс ачык жана ишенимдүү болуп калды.

Министрликтин маалыматына караганда, бул чаралар экспортко чыгуучу мал азыктарын коопсуздугун камсыздап, ветеринардык сертификаттардын сапатын жана өндүрүштүк талаптарга шайкештигин жогорулатат.