Кыргызстанда мамлекеттик ветеринардык көзөмөл системасын санариптештирүү максатында импорттолгон товарларды текшерүү «Санарип VET» деген электрондук маалымат системасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул чаралар азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана мамлекеттик кызматтардын ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталууда.
Ветеринардык байкоо «Кант» убактылуу сактоо кампасында өтөт. Текшерүү жүргүзгөн инспектор атайын боди-камераны күйгүзүп, бардык аракеттерди так жана объективдүү түрдө өз убагында каттап турат. Мындай ыкма мамлекеттик көзөмөлдүн ачыктыгын жогорулатып, кызматтык тартиптин сакталышына жана маселелердин күмөн саноолорун алдын алууга өбөлгө түзөт.
«Санарип VET» системасына текшерүү учурунда жүктүн аталышы, келип чыккан өлкөсү, өндүрүүчү ишкана, партиянын көлөмү, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери, пломба номери жана башка керектүү маалыматтар так эле ошол жерден киргизилет. Система автоматтык түрдө ветеринардык көзөмөлдүн электрондук актын түзүп, натыйжаларды каттайт.
Текшерүү бүткөн соң экспорттоочу өлкө тарабынан берилген сертификат «Санарип VET» аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык сертификатына кайра иштетилет. Мындай жаңыча ыкма ветеринардык контролду заманбап санариптик деңгээлге чыгарып, документ айланууну жеңилдетип, маалыматтардын тактыгын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат.
