Эне менен бала коргоо улуттук борборунда 24-ноябрь күнү гематология тармагындагы адистердин катышуусу менен атайын иш-чара болуп өттү. Анда коагулопатияларды дарылоодогу заманбап чакырыктар, анын ичинде ингибитордук гемофилия А формасын дарылоо жана иммундук толеранттуулукту индукциялоо маселелери кенен талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө бейтаптарды тандоо критерийлери жана терапиянын натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Виллебранд оорусунун сейрек кездешүүчү формаларын аныктоо, лабораториялык диагностика жана жекече алдын алуу ыкмалары каралды.

Негизги докладчылар

Талкуу учурунда төмөнкү адистер өз тажрыйбасы менен бөлүшүштү:

  • Евгения Москвина — Чыгыш Европа жана ТҮЙББТ боюнча гематология багытында аймактык продукт-менеджер, PhD (Вена, Австрия).
  • Раушан Мотушева — Эне менен бала коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты.

Коопсуздук жана терапия

Адистер заманбап алмаштыруучу терапиянын маанилүүлүгүн белгилеп, кандын коюлуушун калыбына келтирүүчү ыкмалардын натыйжалуулугун талкуулашты.