Түркмөн мамлекеттер уюмунун генералдык катчысы Кубанычбек Омуралиев Венгрияда өткөрүлгөн гунно-тюрк элдеринин Курултайына катышты. Бул чоң эл аралык иш-чара Венгриянын Бугач айылында өтүп, 27ден ашык тюрктөрдүн өкүлдөрүн бириктирди.

Омуралиев өз сөзүндө Венгриянын жана ал өлкөдөгү Туран фондунун тюрк дүйнөсүнүн жалпы салттарын сактоого жана маданий байланыштарды бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалады.

Ал Венгриянын Европада тюрк элдери уюмунун бирден-бир байкоочу мамлекети экенин, ошондой эле тюрк дүйнөсү менен Европа ортосундагы диалогду чыңдоого кошкон маанилүү салымын белгиледи.

Үч күнгө созулган иш-чарага 1700 киши катышып, жалпысынан 10-20 миңге жакын адам келип көрдү. Кыргызстанды маданият жана спорт өкүлдөрү да катышты.

Курултайда салттуу спорттун түрлөрү, музыка, кол өнөрчүлүк жана маданий программалар тартууланды. Мындан тышкары, былтыр табылган археологиялык табылгалар менен антропологиялык реконструкциялар бир алгачкы жолу коомчулукка көрсөтүлдү.

Гунно-тюрк элдеринин Курултайы — эки жылда бир ирет өткөрүлгөн этнографиялык чоң фестиваль болуп, Евразиядагы 25тен ашык тюрк жана гунн элдерин бириктирип, алардын бай маданий мурастарын сактоого жана кон спорттук салтын көрсөтүүгө багытталган.