Бензиндин баасынын салыштырылышы

Өзбекстанда АИ-95 бензини 1,342 доллардан сатылса, Кыргызстанда анын баасы 1,016 доллар турат. Мындай маалыматтар GlobalPetrolPrices уюму тарабынан даярдалган. Белгилей кетсек, Өзбекстандагы бензиндин баасы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жогору.

Кыргызстанда бензиндин баасы дүйнөлүк орто көрсөткүчтөн төмөн, ал эми Өзбекстандын көрсөткүчү глобалдык орточо баадан (1,46 доллар) төмөн, бирок Орусия, Казакстан жана Беларусь өлкөлөрүнө салыштырганда жогору.