Кыргызстанда бензиндин баалары ай ичинде олуттуу өзгөрдү. Айрыкча АИ-95 маркисиндеги бензиндин орточо баасы 87,31 сомдон 106,30 сомго чейин көтөрүлдү.
АИ-92 бензининин баасы да өсүп, июнда 80,39 сом болсо, азыр 85,21 сомду түздү.
Дизель майынын баасы да көтөрүлүп, 93,80 сомдон 98,52 сомго жетти.
Башка шаарларда, анын ичинде Бишкек, Ош, Нарын жана Раззаковдо АИ-95 бензининин эң жогорку баасы литрине 109,90 сомго чейин жетти.

