Google Play магазини 16-июлда орус мамлекеттик мессенджери Max менен "ВКонтакте" программаларын өчүргөнүн билдирди. VK компаниясы бул маалыматты растады.
VK билдиргендей, буга чейин орнотулаган тиркемелер көйгөйсүз иштеп жатат. Ошондой эле, маалыматка ылайык, аталган программаларды RuStore, Huawei AppGallery, Samsung Galaxy Store, Xiaomi GetApps жана башка Android колдонмолорунун дүкөндөрүндө орнотууга болот.
Кошумча маалымат боюнча, Google Play’ден "Одноклассники" жана Mail.ru электрондук почтасынын тиркемелери да өчүрүлгөн. Программаны табуу аракетинде "Приложение недоступно" деген билдирүү чыкты.
Буга чейин, июнь айында мессенджер Max App Store’дон өчүрүлгөн. Apple компаниясы мунун себебин санкциялык мыйзамдардын катуусун сактоо менен түшүндүрдү.














