Өрт же табигый кырсык сыяктуу камсыздандыруу окуясы болгондо, компенсация төлөм жүргүзүлгөндөн кийин өткөн мөөнөткө байланбастан берилет. Эгерде камсыздандыруу акысы окуяга чейин төлөнүп коюлган болсо, төлөм алуу укугу сакталат.
Төлөмдөрдүн наркы жана өлчөмү
Камсыздандыруу төгүмүнүн өлчөмү жана компенсациянын чектүү көлөмү кыйммат мүлк ээсинин жашаган жерине жараша болот. Шаар жана айыл жерлериндеги тургундар үчүн ар башка тарифтер жана төлөм лимиттери белгиленген.
Эгерде адам камсыздандырууну кечээ төлөсө, ал эми бүгүн табигый кырсык же өрт чыкса, анда биз камсыздандыруу окуясы боюнча компенсацияны төлөй алабыз. Биз үчүн төлөм жүргүзүлгөн учурдан тартып канча убакыт өткөнүнүн мааниси жок









