Кыргызстандын камсыздандыруу чөйрөсүндө үйүн коргоо жана автоунааларды камсыздандыруу эң популярдуу багыттар бойдон калууда. Мындай маалыматты «Ачык кабинет» долбоорунын алкагында «ГСО» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.
Үй камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин айтымында, өлкөдө турак жайды камсыздандырууга болгон кызыгуу, өзгөчө аймактардын тургундары арасында өсүп жатат. Бул табигый кырсыктардан же өрттөн коргонуу зарылчылыгы менен байланыштуу.
Калдарбеков ушундайдай окуялар болгон учурда, үй камсыздандыруу камсыздандыруу төлөмүн алуунун жалгыз мыйзамдуу жолу экенин баса белгиледи.
Камсыздандыруу кызматтарынын рыногу
Учурда Кыргызстандын камсыздандыруу рыногунда мамлекеттик уюмдан тышкары жеке компаниялар да иш алып барышат. Ошону менен бирге, турак жайды камсыздандыруу сегментинде монополияны мамлекеттик түзүм гана кармап турат.












