Спорттук арбитраж соту (CAS) Россиянын хоккей боюнча курама командаларын эл аралык аренадан чектөө жагдайларын карап чыгып, бул кадамды дискриминация катары баалады. Судтын чечиминде Халыкаралык хоккей федерациясынын (IIHF) ар кайсы мамлекеттерге карата ар башка мамиле кылганы жана кош стандарттарды колдонгону айтылган.

Башка өлкөлөр менен салыштыруу

Арбитраждар Израиль мамлекетинин мисалын келтирип, аталган өлкө менен байланыштуу чыккан согуштуу күрч конфликтке карабастан, IIHF анын катышуусу башка өлкөлөргө кандай таасир этишине баа бербегенин белгиледи. Мисалы, 2025-жылы Австралиянын бийлиги Израиль катышкан чемпионаттын экинчи дивизизинде коопсуздукту камсыз кыла албай тургандыгын билдиргенде, федерация турнирди жөн гана Сербияга которуп, компромисс тапканы айтылат.

Ошондой эле, CAS АКШ жана Ирандын курама командалары боюнча башка куралдуу кагылышуулар болгонуна карабастан, федерация тарабынан кооптуулукту баалоо иштери жүргүзүлбөгөнүн кошумча белгиледи.

Россиялык командалар үчүн мелдештерди башка жерге которуу же нейтралдуу статус менен чыгуу сыяктуу альтернативдүү жолдор каралбай, алар бардык оюндардан чектөөлөргө кабылды.
CAS документтеринин негизинде

Чектөөлөрдүн жокко чыгарылышы

Соттун жыйынтыгы боюнча, IIHF Россиялык спортчулардын катышуусунан келип чыгуура турган реалдуу коркунучтар боюнча ишенимдүү далилдерди көрсөтө алган эмес. Бул себептен, россиялык командаларды четтетүү негизсиз дискриминация деп таанылды.