Платформаны иштеп чыгуу мал чарбачылары жана өсүмдүкчүлөр үчүн зарыл болгон сервистерди бир санариптик мейкиндикте бириктирүүгө багытталган. Айыл чарба министрлигине караштуу «АгроСмарт» мамлекеттик мекемесинин бизнес-аналитиги Саадат Чекееванын билдирүүсүнчө, iDiykan фермерлер үчүн санариптик жардамчы катары ойлонулган.

Жеңилдетилген насыяларга жетүү

Учурда тиркемеде «ФСХ-14» программасынын алкагында жеңилдетилген насыя алуу үчүн электрондук кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган. Бул мамлекеттик колдоо алуу үчүн билдирмелерди берүү процессин автоматташтырууга мүмкүндүк берет.

Жакын арада тиркеме аркылуу насыя алууга билдирмелерди түз берүү функциясын киргизүү пландалууда. Бул мүмкүнчүлүк ишке киргенден кийин, фермерлер зарыл болгон документтерди электрондук түрдө тиркеп, аларды түздөн-түз банктарга жөнөтө алышат, бул ар кандай мекемелерге жеке өзү баруу зарылчылыгынан арылтат.

Өнүгүү келечеги

Саадат Чекееванын айтымында, платформанын функционалы этап-этабы менен кеңейет. Келечекте iDiykan платформасына айыл чарба секторун насыялоонун башка мамлекеттик программаларын интеграциялоо пландалууда.