Документтин долбоору Кыргызстанда мурунтан эле бар, бирок тиешелүү документтери жок техниканы легалдаштыруу жана кийин мамлекеттик каттоо мүмкүнчүлүгүн карайт.

Техниканы легалдаштыруунун шарттары

Долбоорго ылайык, 2026-жылдын 8-октябрына чейин Кыргызстанга алынып келинген мопеддер, мотоциклдер, өзү жүрүүчү техникалык машиналар жана ушуга окшош техникалык мүнөздөмөлөрү бар башка унаа каражаттары легалдаштырууга тийиш.

Унаа каражатынын алынып келинген так датасын тастыктаган документтер жок болгон учурда, алынып келинген күнү катары 2026-жылдын 7-октябры эсептелиши сунушталат.

Каттоонун мөөнөттөрү жана жол-жоболору

Легалдаштыруу жол-жобосун жөнгө салуу үчүн төрт айлык мөөнөт каралган. Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде Министрлер Кабинетине ушул техниканы алгачкы мамлекеттик каттоонун эрежелерин жана шарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталат.

Айдоочулар үчүн жеңилдиктер

Долбоордун алкагында айдоочуларды колдоо чаралары да каралууда. Президенттин иштер башкармалыгына А1 подкатегориясы боюнча айдоочуларды окутууга жеңилдетилген тарифти карап берүү сунушталат. Мындан тышкары, тиешелүү программа боюнча окутуунун мөөнөтүн кыскартуу пландалууда.

2026-жылдын 8-октябрытехниканы алып келүүнүн акыркы мөөнөтү
4легалдаштырууга ай
1каттоо эрежелерин иштеп чыгууга ай

Бул сунуштар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.