Министрликтин Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл боюнча Инспекциясынын кызматкерлери Иссык-Кул районунун Григорьевка, Кожояр, Семёновка жана Корумду айылдарында рейд уюштурушту.
Рейддин жүрүшүндө көл жээгинен 300 метр мыйзамсыз орнотулган кытай өндүрүшүндөгү синтетикалык балык уулоо торлору алынган. Мындан сырткары, 30 килограмм үй-бүлөлүк таштандылар тазаланган.
Инспекторлор синтетикалык торлорду колдонууга тыюу салынганын эскертүүдө жана туристтерди Иссык-Кулду сактап, аны таза кармоого чакырышты.








