Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын биринчи жарымында Иссык-Күлдүн түбүнөн 50 миң метрден ашуун эски балык торлору чыгарышты. Бул тууралуу Иссык-Куль аймактык башкармалыгынын начальниги Кылычбек Тентимишев маалымдады.

Салыштырып көргөндө, 2025-жылы 47 миң 500 метр балык тору чыгарылган.

Тентимишевдин айтымында, быйылкы жылы көлдүн ичинде балыктын саны өсүп, анын өлчөмдөрү да чоңоюуда.

Ошондой эле, өткөн жарым жылдыкта көлдүн түпкүрүнөн 1 тонна 250 килограмм турмуштук калдыктар чыгарылды. Анда гантелдер, гири, авто шина, амортизатор жана башка буюмдар аныкталган.

"Чыгарылган бардык калдыктар жыйналат, андан соң Бишкектеги калдыктарды күйгүзүү заводуна алып барылып, утилдолунат", - деп белгиледи Кылычбек Тентимишев.