Ысык-Ата районунун Ивановка айылында жүк ташуучу унаа трициклдан качууга аракет кылып жатып оодарылып кеткен. Кырсык кечээ, 25-июлда болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, трициклды жашы жете элек өспүрүм башкарып бара жаткан.
Жергиликтүү тургундар Ысык-Ата районунда электр трициклдарын башкарган өспүрүмдөр абдан көп экенин белгилешкен.


