Кыргыз Республикасынын өкмөтү жыл соңу боюнча инфляциянын прогнозун 9% дан 14–15% га чейин жогорулатты. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал белгилегендей, акыркы алты айдан бери улантып келе жаткан тышкы экономикалык таасирлер экономикага олуттуу таасир берди жана инфляциянын жогорулашына себепкер болду. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлардын, өзгөчө дизелдик майдын баасынын кымбаттоосу чоң коркунуч туудурууда.

Дизелдик май өлкөнүн айыл чарбасында, тоо-кен өндүрүшүндө, кайра иштетүү тармагында, ошондой эле коомдук транспортто кеңири колдонулат. Баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн өкмөт мунай иштетүүчүлөрдүн бир бөлүк чыгымдарын республикалык бюджеттен компенсациялоо чарасын киргизди.

Бул мамлекеттик жөнгө салуу бензиндин АИ-92 сорттору менен дизелдик майга тиешелүү. Азыркы прогноздор макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында каралган.