Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2025-жылдын 3-сентябрына карата лицензиялоо жана уруксат берүү тармагында бир катар документтерге коюлган талаптарды жеңилдетүү тууралуу мыйзам өзгөртүүлөрдү киргизди.
Азыркы эрежелерге ылайык казино, букмекердик кеңсе жана тотализаторлор үчүн юридикалык жактардын уставдык документтеринин, ошондой эле мүлктүн же ижаранын документтеринин көчүрмөлөрү нотариалдык бекитүүнү талап кылбай, түз юридикалык жак тарабынан тастыкталышы мүмкүн.
Бул жаңылык ошондой эле онлайн-казино жана электрондук казино тармагына таасирин тийгизип, уставдык документтерди дагы нотариус аркылуу бекитүү талаптары алынган.
Виртуалдык активдер рыногунда криптобиржалар жана виртуалдык активдерди алмаштыруучу операторлор үчүн да документтерди даярдоо жана бекитүү шарттары жөнөкөйлөтүлгөн. Криптобиржалар үчүн нотариалдык бекитүү талаптары алынган, ал эми алмаштыруучу операторлор документтерин жетекчиси тарабынан кол коюлуп, мөөр басылган көчүрмөлөрүн тапшыра алышат.
Майнингде иш алып баруу боюнча каттоо учурунда көп барак документтерди санап, жетекчиси кол коюп, бекитип, аларды электрондук түрүндө онлайн режимде башкаруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Ушул өзгөрүүлөр менен максат — лицензия алуу процессиндеги бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана бизнеске жеңилдиктерди түзүү болуп саналат.








