Трансфердик жаңылык

Кант шаарындагы "Абдыш-Ата" футбол клубу Кабо-Верде улуттук курама командасынын дарбазачысы менен келишим түздү. Бул команда футбол боюнча дүйнө чемпионатында өзүн көрсөтүп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган.