Жогорку Кенештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрагасы Ырысбек Атажанов «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын милдеттенмелерин толук аткара электигин белгиледи. Анын айтымында, Кадамжай районундагы бир катар айылдарда газ өткөрүү маселеси чечилбей келет.

Айылдардагы абалга кыскачача

Депутаттын маалыматы боюнча, айрым айыл аймактарында газ өткөрүү иштери жарым-жартылай гана жүргүзүлгөн. Тургундар өз чөнтөгүнөн акча короткончлук менен долбоордук документтерди даярдап, компанияга кайрылышканы менен, алардын сунуштары көңүл сыртында калууда.

2айылда газ бар (Бирлик аймагында)
7-8айылда газ жок (Бирлик аймагында)
2айылда газ бар (башка аймакта)

Ошондой эле Ак-Турпак жана Молдо-Нияз айыл аймактарында эски газ түтүктөрү гана колдонулуп жатат. Атажанов бул түтүктөрдү кайра куруу аркылуу бүтүндөй аймактарды толук газификациялоого мүмкүн экенин айтты.

Орозбеков айыл аймагында газ айрым айылдарга гана жеткен. Калган жерлердин тургундары өз алдынча долбоорлорду иштеп чыгып, «Газпром Кыргызстанга» кайрылышты, бирок алардын кайрылуулары көңүл сыртында калууда.
Ырысбек Атажанов