Алга айылына бараткан топурак каналды бетондоо иштери Ак-Өргө айылына жакындаганда токтотулуп калды. Чыр-чатак долбоордун мыйзамдуулугу жана коопсуздугуна берилген баадагы карамакатчылыктардан улам келип чыкты.

Тургундардын нааразычылыгынын себептери

Жергиликтүү тургундардын айтымында, долбоор калк менен талкууланган эмес, ал эми бир катар жерлерде техникалык жана укуктук талаптар сакталбай жатат. Негизги тынчсыздануулар иштердин сел кочуп кетиши мүмкүн болгон кооптуу аймакта жүрүп жаткандыгы менен байланыштуу, бул селдин коркунучун күчөтүп, айылды толугу менен каптап кетиши мүмкүн.

"Бул канал мыйзамсыз курулуп жатат. Биздин айыл аркылуу өткөн канал эмес, башка аймакка жаңы канал куруп жатышат. Мисалы, бул сел кочуп кетиши мүмкүн болгон аймак: эгерде ушундай кооптуу аймакта канал курулуп калса, сел айылды толугу менен каптап кетпейби деп коркуп жатабыз."
Ак-Өргө айылынын тургундары

Бийликтин позициясы жана маселенин тарыхы

Райондук бийлик жана суу чарбасынын өкүлдөрү нааразычылыктар үчүн негиз жок деп ырасташат. Алардын маалыматы боюнча, жаңы объект эмес, мурда иштеп турган Нургазиевдин атындагы канал бетондолууда жана иштердин максаты — суу ресурстарын жоготууну азайтуу.

Бул аймактарды суу менен камсыздоо тарыхы жамааттык эмгек менен байланыштуу: болжол менен 30 жыл мурун Алга айылынын тургундары ашара ыкмасы менен эки калктуу пункттун муктаждыктарын камсыздоо үчүн Ак-Өргө айылынын каналынан суу алып, топурак арык казуу менен курушкан.