«75тин каты» иши боюнча Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиевди, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевди жана мурдагы Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулун бийликти басып алууга даярданууда жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууда күнөөлүү деп тапкан. Сот адвокатынын айтымында, тарап өкүмдүн жазуу түрүндөгү текстин жакында эле алганын жана жакын күндөрдө Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу беришээрин билдирди.
Камчыбек Ташиев «75тин каты» ишиндеги өкүмгө апелляция берет
Мурдагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов «75тин каты» ишиндеги өкүмгө нааразычылык билдирип, Бишкек шаардык сотуна апелляция беришээрин билдирди.











