Мурдагы Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов «Письмо 75» иши боюнча соттун өкүмүнө каршы апелляцияны Бишкек шаардык сотуна берди.
Бул чечим Первомай райондук сотунун чыгарган өкүмүнө байланыштуу. Айткулов Азаттыкка берген маегинде азырынча анын адвокаттык гана кыскача апелляция тапшырылганын, толук маалымат берүүнү каалабаганын билдирди.
Андан тышкары, сөз болуп жаткан иш боюнча айыпталуучулардан калган жети адам апелляция тапшырган-катпаганы тактала элек.






