Камчыбек Ташиевдин коргоочулары мамлекеттик айыптоочунун аракеттерине жана биринчи инстанциядагы соттун иштерине нааразычылык билдиришти.
Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, коргоо тарап экинчи инстанциядагы соттон Ташиевди актоону гана эмес, мурунку тергөө жана сот органдарынын иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча да жеке чечим кабыл алууну каалайт.
Коргоочулар соттордун ишинин адилеттигин жана процесстин ачыктыгына көңүл буруу зарылдыгын белгилешүүдө.









