Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпайт жана анын бул чечими акыркы деп белгиледи. Ал саясий атаандаштары тарабынан таралган ушактарга ишенбөөгө жана провокацияларга каршылык көрсөтүүгө чакырды. Ташиев, Садыр Жапаровго болгон колдоосун дагы бир ирет тактады.
«Мен бул маселеде сөзүмдү кайрадан тактайм, — деди Ташиев. — Мени колдоп турган жарандарым үчүн сөз бергем жана аны ар дайым сактайм». Ошондой эле, ал өлкөдөгү туруктуулук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды баарынан жогору койгонун атап өттү.
Ташиев 2026-жылкы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровго толук колдоо көрсөтөөрүн белгилеп, «Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан маанилүү» деди.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын февраль айында Жапаров Ташиевди ГКНБ жетекчилигинен бошоткон. Муну ал коомдогу бөлүнүп-жарылуунун алдын алуу үчүн кылган.











