Кыргызстандын Мамлекеттик таможня кызматы жарандарга телефон аркылуу алдамчылык аракеттеринин көбөйүп жатканын кабарлады.

Алдамчылар өзүн Мамлекеттик таможня кызматынын жетекчилиги же кызматкерлери, ошондой эле Коммерциялык банктардын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары көрсөтүп чалууларды жасашат.

Кошумчалай кетсек, алар WhatsApp, Telegram сыяктуу мессенджерлерде жетекчиликке тиешелүү адамдардын сүрөттөрүн жана ысымдарын колдонуп, жалган аккаунттарды түзүшүүдө.

Таможня кызматы жарандарды мындай шектүү телефон чалууларын жана аккаунттарды тактап, жеке маалыматтарын бербөөгө чакырат.