Кара-Балта шаарына 24 жаңы автобус келип жетти, алардын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын орундар бар.
Бул автобустардын айрымдары №5 маршрут боюнча иштеп баштады. Буга чейин бул маршрут жеке ишкананын автобустары тарабынан тейленген.
Жаңы келтирилген автобустар №5 маршрутду тейлөөнү улантып жаткан учурда, башка багыттар боюнча жаңы маршруттарды ачуу пландалууда.
Учурда автобус маршруторунун багыттарын жана графиктерин бекитүү үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен макулдашуулар жүргүзүлүүдө.
Керектүү даярдыктар жана расмий каттоолор бүткөндөн кийин жаңы автобустар шаарда башка маршруттар боюнча иштей баштайт.











