Кара-Күл шаарында күйүүчү майдын баасынын кескин кымбатташынын натыйжасында, калктын муктаждыктарын эске алуу менен коомдук транспорт ишке киргизилди.
Шаардык бийлик тарабынан өткөрүлгөн маршруттук рейстер аркылуу Чоң-Таш айылына жана Пойма микрорайонунан Кулданбаев менен Бекташ көчөлөрү багыттарын колдонуучулар пайдаланууда.
Маршруттук таксилер 30 мүнөттүк интервал менен каттап, жалпы 6 багытты тейлешет. Өспүрүмдөр үчүн каттамдын баасы 20 сом, чоңдорго 25 сом, ал эми 6 жашка чейинки балдарга акысыз каралган.
Учурда Жазы-Кечүү айылына да маршруттук каттамдарды уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Бензин жана солярканын кымбатташы менен таксилердин кошумча кызматынын баалары да жогорулады. 1-июлдан тартып шаар ичинде такси баратынын наркы 40 сомго жогорулап, такси чакыруу эң аз дегенде 130 сомду түзөт.
Күйүүчү майдын баалары





