Шаирбек Ташиев коррупция боюнча козголгон иш боюнча үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Министрликтин маалыматына караганда, Ташиев мамлекетке жеткен чоң зыяндын негизги бөлүгүн ордуна төлөгөндүгүнө байланыштуу мындай чечим кабыл алынган.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «Кыргызнефтегаз» жана «Кыргыз Петролеум Компани» уюмдарынын жетекчилери отун-май базаларын мыйзамсыз сатуу менен мамлекетке олуттуу көлөмдө зыян келтирген.
Азыркы учурда иликтөө иштери улантылып, иштин жыйынтыгы боюнча сотко өткөрүлөт.








