Кара-Суу районундагы жаңы базарды куруу иштери декабрь айынан тартып өз аралына кирет. Бул тууралуу 18-ноябрь күнү соода кызматкерлери менен болгон жолугушууда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев айтты.
Президенттин тапшырмасы менен жаңы соода объектиси курулуп, ал жерде бардык зарыл шарттар түзүлөт. Соода иштери жаңы жайга которулгандан кийин, ишкерлер үчүн ыңгайлуулуктар камсыз кылынат деп билдирди Туманбаев. Ал Ош шаарындагы жаңы базарды куруу учурунда да ушундай түшүнбөстүктөр болгонун, бирок азыр ал курулуш аяктаганын эске салды.
Ижара акысы жана тарифтер өзгөрбөйт
Буга чейин базар соодагерлери акимдик алдына чыгып, жаңы администрация контейнерлерди субарендага берүүгө тыюу салып жатканын жана тарифтер көтөрүлгөнүн айтып, нааразычылык билдиришкен. Каныбек Туманбаев бул маалыматтар так эмес экенин белгиледи.
Бийлик органдарынын чечимине ылайык, соодагерлер үчүн ижара акысынын өлчөмү жана тарифтер мурдагыдай эле калат. Ошондой эле контейнерлерди сатуу же ижарага берүү мүмкүнчүлүгү сакталат.
Проекттин максаты
Бул курулуш президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында ишке ашырылууда. Буга чейин ал Кара-Суу районунда санитардык нормаларга жооп берген заманбап соода комплекси 1,5 жылдын ичинде курулушу керектигин айткан.














