Баткен шаарында заманбап оптово-сатуучу комплекстин курулушу уланып жатат. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов айтып, курулуштун жүрүшү менен таанышты.
Жаңы соода ордун куруунун максаты Баткен аймагындагы соода-сатык өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат. Долбоор республиканын бюджетинен жыл сайын бөлүнгөн 500 миллион сомго каржыланууда.
Ири инфраструктуралык долбоор бир нече жылга бөлүнүп, этаб менен финансталат. Оптово-сатуучу комплекс төрт блоктон турат.
Учурда биринчи блоктун курулушу бүттү. Кийинки этаптарда калган үч блок курулуп, айлана-чөйрөнү өнүктүрүү иштери, анын ичинде жолдорду салуу, суу менен камсыздоо, жарык берүү, автоунаалар токтоо жайларын түзүү жана айлананы кооздоо жүргүзүлөт.
Курулуш аяктаганда комплексте соода жана ишкерликти өнүктүрүү үчүн кошумча шарттар түзүлөт.







