Бишкек шаарында авариялык электр жарыгынын өчүрүлүшү натыйжасында суу берүү системасы толук токтотулду. Мэриянын маалыматына караганда, электр жабдуулары токтогондон кийин суу басымын көтөрүүчү насостук станциялар иштен чыкты.
Электр жарыгы толук калыбына келгенден кийин, суу берүү системалары акырындык менен ишке киргизилет. «Бишкекводоканал» ишканасынын адистери суу насосторун кол менен күйгүзүп, системаларды этап-этабы менен кайрадан иштетип жатышат.
15:30га карата суу берүү объекттериндеги электр энергиясы калыбына келе баштады жана адистер суу системаларын иштетүү иштерин башташты. Мэрия калкты түшүнүү менен мамиле жасап, сабырдуу болууну суранып жатат.
Бул кырдаалга байланыштуу шаар тургундарына суу берүү кыска мөөнөттө калыбына келтирилет жана бардык зарыл иштер тез арада аткарылууда.















