Бишкектин бир нече районунда жашагандар кран сууну жоготуп, кырдаалды социалдык тармактарда белгилей башташты. Тактап айтканда, суу төмөнкү аймактарда өчүрүлгөн:
- 6-микрорайон
- 12-микрорайон
- «Тунгуч» жашак массиви
- Новопокровка айылы
- Жогорку Орок айылы
- Орок жашак массиви
6-жана 12-микрорайондордо, ошондой эле «Тунгучта» суу саат 10:00дон кийин токтогону айтылат. Пландуу иштер боюнча алдын ала эскертүү болбогон. Новопокровка, Жогорку Орок жана Орок тургундары суусуз үчүнчү күнү отурганын билдиришти.
Бишкек мэриясынын өкүлдөрү «Бишкекводоканал» кызматкерлери 12-микрорайонго чыгып кеткенин, 6-микрорайон менен «Тунгучтагы» кырдаал да тактала жатканын айтты.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, шаардын айрым тарабындагы суу менен камсыздоо көйгөйү электр энергиясынын өчүрүлүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн.




