Чүй облусунда жайгашкан «Кемин-Ордо» комплекси социалдык тармактарда жарыяланган видеодон кийин Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын экотехникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан текшерилип, страустарды туура эмес кароо фактылары аныкталды.

Текшерүү учурунда малдарга талап кылынган шарттар сакталбагандыгы белгиленип, комплекстин ээлерине карата мыйзам аркылуу административдик чаралар колдонулду. Айыптоо боюнча 3 миң сомдук айып пул салынды.

Видеодон кийин «Кемин-Ордо» комплекстин ээлери алган кемчиликтерин оңдоп, страустарды багуу аймагы тазаланып, жаныбарларга болгон шарттар жакшыртылды. Азыркы учурда страустар жетиштүү жана туура тамактандыруу менен камсыздалууда.

Министрликтин маалыматына караганда, мындай текшерүүлөр жаныбарларды коргоо мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлдү.